Өзбекстан төрөт үйүндө шаан-шөкөт уюштургандар менен күрөшө баштады

"Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйүнөн баланы чыгаруудагы шаан-шөкөттү токтотуу менен күрөшүүдө. Учурда жаш үй-бүлөлөргө, төрөт үйүнүн дарыгерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баланы үйгө алып чыгуудагы салтанаттарды токтотуу боюнча бир катар иш-аракеттерди аткаруу пландалууда", - деп жазылат жергиликтүү маалымат басылмаларында министрдин билдирүүсүнө таянып.

Анда белгиленгендей, акушер-гинекологдорго, үй-бүлөлүк дарыгерлерге, медайымдарга жана төрөт алдындагы энелерге баланы төрөт үйүнөн үйгө алып чыгууда уюштурулган салтанаттын зыяндуулугу түшүндүрүлүүдө.

"Баланы төрөлгөндөн кийин 40 күнгө чейин көпчүлүктүн арасында алып жүрүү анын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн. Баланын саламаттыгы үчүн анын үйгө кандай унаа менен алынып келгендиги, кандай "каармандар" аны тосуп алгандыгы жана ал төрөт үйүнөн чыгып баратканда кандай оркестр ойногондугунун такыр мааниси жок", - деген саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов.

Ошондой эле ал бул аракеттер дароо эле жыйынтык берип, Ташкенттеги миңге жакын үй-бүлө ымыркайын төрөт үйүнөн ашыкча шаан-шөкөтсүз алып чыкканын кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоев салтанаттуу тойлорго чиновниктердин баруусуна тыюу салынарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurgaz
2018-03-26 13:07:39
Мирзиёев кучтуу президент, бизге дагы ушундай президент керек.
+20
Altyn10076
2018-03-26 13:17:35
Мындай ажо бизге келсе 120 жеп жутар ылдам эле өздөрүнө окшоштуруп койот.
+14
Nevestkaa
2018-03-26 16:42:08
Ар саатта эле Өзбекистанды айтасыңар да,не болушса ошо болушсунчу кызыгы жок.Ар аймактан кабарчыларыңарга дайындап айылдагы жетишкендик кемчиликтерди чыгаргылачы сураныч.
-4
admin_media
2018-03-26 17:14:26
Nevestkaa,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
-2
Nevestkaa
2018-03-26 20:52:48
admin_media,Саламатчылык.Менин да сунушуму кабыл алат экенсиңер э,алдын ала ырахмат.
-2
batleybesh
2018-03-26 23:44:57
Неге дайымле кошуналардын терс жактарын жаман жактарын корсотосунар,жетишкендиктерин корсотпойсунар,айтпайсынар,ушул кылганар жакшыбы е?
-1
raykray
2018-03-27 11:51:27
Эн соонун дагыда байып алдынкы олко болот озбекстан! Биз канча акчаларды таап жатабыз ысырап болбогон нерсеге шамалга гана учурабыз тиги антти бул минтти ошондой кылам деп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан