Кыргыз өлкөсү Сауд Арабиядан 3 миллион 797 миӊ доллар грант алып, 151 миң долларын консультациялык кызмат көрсөтүүгө жумшайт

Кыргыз мамлекети медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн Сауд Арабиядан 3 миллион 797 миӊ доллар гранттык каражат алат. Буга байланышкан макулдашуунун долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 26-марттагы жыйынында карады.

Макулдашуунун максатын депутаттарга каржы министри Адылбек Касымалиев түшүндүрүп берди. Анын айтымында, Сауд Арабия келишимге ылайык, эт экспорттоо үчүн курула турган карантиндик жайга медициналык жабдууларды сатып алууга гранттык каражат бөлүүгө даяр.

"2017-жылдын күз айларында медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн Сауд Арабиядан гранттык каражат сурап кайрылганбыз. 2018-жылдын 5-мартында макулдашуунун долбоору даяр болду. Бул грант бизге өтө маанилүү. Жалпы 3 миллион 797 миң доллар алып жатабыз. Анын ичинен 1 миллион 300 миӊ доллары Улуттук фтизиатрия борборуна атайын жабдууларды сатып алууга, 1 миллион 500 миӊ доллары Жүрөк хирургиясы жана трансплантациялоо илимий изилдөө институтуна, ал эми 1 миллион доллары карантиндик жайды курууга жумшалат. Жалпы каражаттын ичинен 151 миң доллары консультациялык кызмат көрсөтүүгө чыгымдалат", - деди Касымалиев.

Министрдин баяндамасынан соң комитет мүчөлөрү макулдашуунун долбоорун жактыруу чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
NIkalike
2018-03-26 14:29:43
Ошол акчадан мага 5мин долларын берип тургулачы срочно керек болтат. Кийин берем. И так бир чондун чонтогуно кирет. Суранаааммм...
+3
grace
2018-03-26 14:31:46
Жеп тоюшпады булар! 151миң $ кайсы атасынын консультациясына кетет экен! Жети баштуу желмогуз жемкорлор жеп! Наалатылар
+4
daiyrbek01
2018-03-26 16:13:40
grace,арабтардан консультация алат антпесе грантын бербейт
-1
gulu1991
2018-03-26 14:35:39
Ар кимден акча сурап отура берет экенсинерда озунор завод фабрика куруп иштетип ошол Акчага деле иш кылса болотго
+2
Rusbek1987
2018-03-26 14:36:39
Кайырчыдан айырмасы жок калды го улам бир олкодон карыз сурап.
+6
Azatbek83
2018-03-26 14:43:47
Ушул акчаны чын эле өздөрү айткандай жумшашса жакшыго! ЖЭБ ди жегендей жеп салбай.ЖЭБ билинип калды билинбей калган канча нерсе бар! Канча акча суранып жеп салышып өнүгүп алышып өнүгүп жатабыз деп жүрүшөт. Цыган Лөлү болуп калыпсыңар жемкор бийлик!!!!!
+3
BarsBaatyr
2018-03-26 15:07:29
Жеке мен каражаттын бери дегенде учтон бир болугу сол чонтоко кетет деп эсептейм.Менин оюма кошула тургандар миллиондоп саналса керек.
+2
Aijan06
2018-03-26 15:54:00
Жардамы деле грантты деле кредити деле келип атат. Же бирин карапайым эл корбой жети баштуу ажыдарлардын казынасына кетет. Деги ал жан алгычтар тойуп жарылар куну бар бекен.
+1
Anarik87
2018-03-26 17:56:21
Бул акчанын жартысы эле иштелбесе калганы чонтокторуно кетет
+1
Anarik87
2018-03-26 17:58:33
ушул акчаны алгандан коро Арабдарга иштелбеген фаврикаларды же башка ишкана ачса кытайдан таашый бербей канча адамдар жумуш оордуна орношушат эле
+1
nurbek56
2018-03-26 21:03:18
магададагы 5000. $ болгуло барибир сол чонтокко саласынарда жарымынан кобун
0
Zidan1
2018-03-26 21:20:43
Озу 1-сом карыз бергенбизби чёт элге
0
Sezimim...
2018-03-27 00:23:05
Консультацияга болгон каражат коп эмеспи?Айлык курстарды уюштурушса керек?...Мынча акча биздеги жалпы бюджетте иштегендердин 1 жылдык маянасы да болбосо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан