YouTube`да коркунучтуу вирус пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Dr.Web компаниясынын кибер коопсуздук боюнча адистери жаңы вирус пайда болуп, ал дүйнөдөгү эң белгилүү видеохостинг YouTube каналы аркылуу тарап жатканын айтышкан. Кылмышкерлердин максаты Windows операциялык системи бар компьютерлерди башкаруу. "Trojan.PWS.Stealer.23012" деп аталган вирусту YouTube каналындагы видеолордун астында ой бөлүшкөн жерде шилтеме катары калтырышат. Шилтемени ачкан учурда компьютерде өз алдынча сактап калуучу вирусу бар RAR-архив пайда болору айтылат.
Маалым болгондой, вирус компьютерге кирген соң, колдонуучунун жеке маалыматтарын, логин жана браузердеги сыр сөздү, иш столундагы файлдарды жана башка маалыматтарды кылмышкерлердин серверине берип турат. Жыйынтыгында, хакерлер социалдык тармак жана башка жашыруун маалыматтарды, шантаж кылууга же болбосо акча уурдоого колдонору айтылат.