Мушкер каршылашынын белинен сальто жасайм деп жеңиштен жана гонорарынан кол жууду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Калифорния штатында 23-мартта өткөн LFA турниринде Ирвинс Айяла менен Дрю Четмэндин беттеши өткөн. Анда Айяла каршылашын тээп жыгылтып, аны партерде урганга өткөн учурда, каршылашынын тизесине урулуп эс-учун жоготуп койгон. Кубанган Чэтмен жерде жаткан Ирвинс Айяланын белине чыгып сальто таштаган.
Мушкер сальтону жеңишке кубангандагы көнүмүш адаты экенин айтып, Ирвинс менен уюштуруучулардан кечирим сураган. Мындан сырткары ал жеңишинен кол жууп 3 айга спорттон четтетилген.