Түркиянын Денизли аймагында касапканада иштеген адамдын колунан каза болгон делген 26 жаштагы кыргыз кызынын сөөгү 25-мартта таңкы саат 4:25те Кыргыз өлкөсүнө алынып келип, бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Туугандарынын айтымында, кыздын апасынын ден соолугу начарлап, учурда өзүн жаман сезүүдө", - дейт басма сөз кызматы.
Эске салсак, Түркиянын Памуккале районундагы унаа жолунан кыргыз кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең мененки саат 9:40 чамасында табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.кызы Ы. болгон. 26 жаштагы кыргыз кызынын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы Барыш Үнал аттуу Түрк жараны кармалган. Маалыматка ылайык, каза болгон кыз казинонун ичиндеги барда официант болуп иштеген.
Буга чейин маалымдалгандай, маркум окуя болгон күнү жумушунан чыгып үйүнө кетип жатканда шектүү ага жеткирүү сунушун айткан. Бирок кыз макул болгон эмес. Мындан улам кызды күч колдонуп унаага салып кеткен.
Шектүү кармалганда ал кызды кийин унаадан түшүрүп койгонун, атайын эмес, кырсык болуп тебелеп алганын айткан. Кылмышка шектүүнүн иши сотко өтүп камакка алынган.