Бишкек ШИИББи: "Политехтин мугалимдеринин мушташы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат"

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалимдери окуу жайда мас абалында мушташып, бири милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалимдери окуу жайда мас абалында мушташышкан. Бул тууралуу милициянын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу аркылуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге мобилдик батальондун кызматкерлери барышып, териштирүү иштери жүргүзүлдү. Алардын биринен арыз келип түшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.

Буга чейин "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Мугалимдер окуу жайда мас болуп жүрүшөт" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Видеону тартып алган мугалим SUPER.KG порталына: "Кафедра башчысынын кабинетинде майрамдап жатканын видеого тартып алганым үчүн анын аспиранты мени сабап салды. Кабинетте ошол аспирант экөө ичип отурушкан", - деп билдирген эле. Бул боюнча аспирантка байланышканыбызда 26-мартта жооп берем деген. Бирок бүгүн биз ага бир нече жолу байланышып, жооп ала алган жокпуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
omurbekkutibaev77
2018-03-27 06:19:01
Мугалимдер кылганы ушул болсо калганы не болот
+2
Totyua.71.
2018-03-27 07:31:37
Азыркы замандын самопал мугалимдери
+2
fantomas
2018-03-27 07:42:44
Милиция берки мугалимди да маска чыгаранына караганда, аркы кафедра багчысы менен аспирантынан пара алган корунот...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан