Режиссёр, актёр, продюсер Фархад Бекманбетов 1976-жылы 26-мартта Таласта туулган. SUPER.KG порталы продюсерди туулган күнү менен куттуктап байланышты.
"Туулган күнүм кадимки иш күндөрүндөй эле өтүп жатат. Жакында бир иш-чара болот, ошону уюштуруу иштери боюнча шаар аралап, буту-бутума тийбей чуркап жүрөм. Тааныштар, достор, туугандар телефон аркылуу куттуктап жатышат. Кечинде достор чогулабыз", - дейт туулган күн ээси.
Фархад Бекманбетов "Долг", "Письмо Деду Морозу", "Чайка", "Аку" сыяктуу тасмаларда продюсер, режиссёрлук кылган. Ошондой эле ал продюсерлик кылган дагы бир “Курманжан датка” тасмасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2014-жылдын супер тасмасы" деп табылган.
26-марттын жылнаамасы.