Депутат: "Жөлөк пулду өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү менен байланыштырган туура эмес"

КСДП фракциясынан депутат Айнура Осмонова жөлөк пулду өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү менен байланыштырган туура эмес экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

"Мыйзам долбоордо жөлөк пулдун көлөмү өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү менен бериле турганы жазылган. Бул туура эмес. Ошондой эле бала төрөлгөндө бериле турган "сүйүнчү пул" алууга кайрылууну жарым жылга чейин кыскартканга каршымын. "Сүйүнчү пул" алуу үчүн бир жылдын ичинде кайрылганга мүмкүнчүлүк болушу керек", - деди депутат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова билдиргендей, социалдык төлөмдөр жашоо минимумунан төмөн коюлбайт. "Ошону менен катар эле өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү эске алынат. Ал эми "сүйүнчү пулдун" мөөнөтүн бир жыл деп калтырса болот. Бирок бир жолу бериле турган төлөм ала тургандар жарым жыл ичинде кайрылышат", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан