Талантбек Батыралиев: "Азыр жүрөк дартын дарылатуу үчүн чет өлкөгө барууга кажет жок, өзүбүздө шарт бар" дейт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 26-марттагы жыйынында Кыргыз мамлекетинде каза болгондордун 48 пайызы жүрөк дартынан улам экендиги айтылды. Депутаттар мындай статистиканы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул маалыматты тастыктап, бирок Кыргыз өлкөсүндө дарыланууга жеткиликтүү шарт түзүлүп калганын белгиледи. Анын айтымында, эми жүрөгүн дарылатууну каалагандар чет өлкөгө баруусуна кажет жок.

"Тилекке каршы, бизде жүрөк дарты менен каза тапкандар көп. Анткен менен акыркы жылдары бизде да жылыштар бар. Азыр Бишкекте жүрөк дарылоо үчүн 11 жаңы борбор ачылган. Алардын жетөө - жеке менчик. Ошондуктан жарандарыбыздын дарылануу үчүн чет өлкөгө баруусуна кажет жок. Андан сырткары, Ош жана Жалал-Абад облустарына жаңы аппараттар алынып, бирок аны орноштуруу иштери бир аз кечигип жатат", - деди Батыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Дарыгер
2018-03-26 17:43:29
Баасы чёт олкодогудой 20 000 доллардан баштап операции жасоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан