Депутат Бокоев: "Жөлөк пул алгандардын тизмесин ар бир айыл өкмөттүн кеңсесине илип коюу керек. Ошондо байлар жөлөк пул алгандан уялышат"

"Жөлөк пул алгандардын тизмесин ар бир айыл өкмөттүн кеңсесине илип коюу керек. Ошондо байлар жөлөк пул алгандан уялышат", - деп бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал тизмени "жакыр үй-бүлөлөр" деп кызыл түс менен белгилеп коюуну сунуштады. "Байлар жөлөк пул алгандан коркуп, эл көрүп калбасын деп уялышмак. Бирок бир дагы айыл өкмөт тизме илбейт. Анткени коррупциялашып кеткен", - дейт эл өкүлү.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова айыл өкмөттөрдүн кеңселерине тизме илүү боюнча буйрук берилгенин айтты.

Учурда парламенттин комитетинде жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
guli-1980
2018-03-26 16:25:47
Эн туура
0
Jigit.1982
2018-03-26 16:33:41
Эээ туугандар колунда барлар менен колунда жоктордун бири биринен эмне айырмасы бар. Эгер майып болсо бир жон алты саны аман туруп колунда жок болсо анда ал адам аллахтан сурабаган алкаш, же болбосо алма пыш оозума туш дегендер. Оздору аракет кылып уй булосун бакса болот. Мен ойлоймун баардык жарандын укугу бирдей болгон учун жолок пул баарына тиешелуу берилсе болмок.
+6
BekAmir
2018-03-26 16:51:33
Эн туура айтасыз жолдош депутат
+1
Real_mir
2018-03-27 00:38:07
BekAmir,кембагалдыкын жазып байдыкын жазбай койсочу?
0
nurgaz
2018-03-26 17:26:06
Жолок пулду байбы, кедейби бут баары алыш керек. Кыргызстандын 90% эли кедей жашайт. Ошондуктан жаш балдардын бут баары жолок пул алууга муктаж. 700сом акча памперсиге эле аран жетет, ошонуда бергинер келбейт.
+3
betatek-2011
2018-03-26 17:31:19
Ошол силер айткан байлар тытынып талаалап тентип иштеп силерге окшогондорду кошо багып жүрүшөт,силерге окшоп жатып алып таап аткан жок;баарына берилсин!!!
+4
NURSAPAR
2018-03-26 20:22:51
Коооой ошончо жеп силер уялбаган.... Акча алгандан эсептелүү гана адам уялат го дейм
+1
aidinaernur
2018-03-27 04:15:02
Млн догон акчаларды ар жака коротсо боло берет, а мекендин келечеги болгон жаш балдарга жолок пул проблема болду го.
Чонток жукарып калабы ?
0
munar1980
2018-03-27 16:28:54
Сузак Айыл Өкмөтүндө кеңири жашап келет корупция Байбы кедейби ар бир бала учун 1000 сом беришет болду пособие алышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан