Кыргыз өкмөтү чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүү процедурасын жеңилдетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок жактардын эмгек ишмердигине уруксат берүүчү документтерди алуу процедурасы жеңилдетилди.
Аталган чара чет элдик инвестициялардын кошумча көлөмүн, интеллектуалдык ресурстарын тартуу, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана чет элдик жарандардын ишке орношуудагы тийиштүү документтерди берүүдө коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында кабыл алынды.
Уруксат берүү документтерин карап чыгуу мөөнөттөрү 30 күндөн 14 күн болуп кыскарды жана уруксат берүү үчүн керектүү документтердин тизмеси 5тен 2ге кыскарды.
Андан тышкары, 2018-жылдын 14-мартында тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку квалификациялуу чет элдик адистер үчүн жумушка орношууга уруксат берүүчү документтин иштөө мөөнөтү 3 жыл болуп каралат.