Чыгыш Европанын тургундары, андагы туристтер табияттын таң каларлык көрүнүшүнө туш болушту. Тактап айтканда, бул аймакка сары түстөгү кар жааганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, мындай көрүнүш 5 жылда бир жолу кайталанып турат. Түсү сары-күрөң кардын сүрөтү социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жайылтылган. Метеорологдор Сахара чөлүнөн шамал аркылуу келген кум кар менен аралашып, сары түскө ээ болгонун айтышкан. Ошондой эле мындай көрүнүш 5 жылда бир жолу кайталанып турарын, бирок быйыл кумдун концентрациясы ортоңку көрсөткүчтөн жогору болгонун билдиришкен.
Айрым жашоочулар, туристтер карды жегенде оозунда кумдун даамын сезгендерин айтышкан. Ал эми тоо коюнунда эс алгандар сүрөттөрдү социалдык тармактагы жеке баракчаларына жүктөп, шамал аркылуу келген кум карды бат эритип жатканын жазышкан.
Белгилей кетсек, Бириккен улуттар уюму Чыгыш Европага Беларусь, Болгария, Венгрия, Молдава, Польша, Орусия, Румыния, Словакия, Украина жана Чехия мамлекеттери кирерин белгилеген.