Исландиянын бийлик өкүлдөрү Орусияда өтө турчу Дүйнө чемпиондугуна баруудан баш тартты

Исландиянын бийлик өкүлдөрү Орусияда өтө турчу Дүйнө чемпиондугуна баруудан баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Исландиянын бийлик өкүлдөрү Орусияда 2018-жылдын жай айларында өтө турчу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна баруудан баш тарткан.

"Исландиянын союздаштары жана коңшу өлкөлөрү Солсбериде болгон окуядан кийин Орусияга каршы ар кандай чараларды көрүштү. Буга байланыштуу Исландиянын бийлик өкүлдөрү Дүйнө чемпиондугуна барбай турган болушту", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 4-мартта мурдагы орус чалгындоо кызматынын башчысы 66 жаштагы Сергей Скрипаль менен 33 жаштагы кызы ууландырылган. Буга Лондон Орусияны айыптаган.

Жыйынтыгында эл аралык чыр чыгып Британиянын премьер-министри Тереза Мэй окуяга байланыштуу 23 орусиялык дипломатка бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. Ал эми 26-мартта АКШ бийлиги Орусиянын 60 дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкен.

Ал эми Польшанын президенти Анджей Дуда иш-чаранын салтанаттуу ачылышына катышпай тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanybek121195
2018-03-27 09:08:05
Силер келбесенер өтпөй калабы еле. Бизге заман тынч болуп Россиядан тынч иштеп кетсек болду.
+4
kanybek1986
2018-03-27 17:04:05
Аардын ордуна кыргызстан барат экен
+2
kanybek1986
2018-03-27 17:04:19
алардын
0
Makedonia
2018-03-28 11:50:54
Как будто, силер келбесенер эле чемпионат отпой калат. Келсенер деле кыйраткан оорунду ээлемек эмессинер. Кыз боозуп энесин коркутат болуп, спорт менен саясатты аралаштырбай эле койбойсунарбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан