"Apple" компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн быйтыкчаларды чыгарат

"Apple" компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн быйтыкчаларды чыгарат. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтына жарыяланган.

Маалым болгондой, компания ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын элесин берген 13 быйтыкчаны иштеп чыккан. Анда протез, майыптар арабасында отурган адам, кулагы укпай турганын түшүндүргөн белги жана башка быйтыкчалар орун алган.

Азыркы учурда бул белгилерди интернеттеги символдордун дүйнөлүк стандарты боюнча алектенген "Unicode Consoritum" уюму карап жатат. Эгер аталган уюм сүрөттөрдүн баарын жактырса, iPhone уюлдук телефондорунда бул быйтыкчалар 2018-жылдын соңуна чейин пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан