Мындан 57 жыл мурда, 1961-жылы эл аралык театр институтунун IX конгрессинде делегаттардын демилгеси менен Эл аралык театр күнүн белгилөө сунушталып атайын токтом бекитилген. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.
Октябрь революциясына чейин Кыргыздарда профессионалдык театр болгон эмес, бирок таланттуу манасчылар, комузчулар, акындар жана куудулдардын болушу театрдын түзүлүшүнө түрткү болгон.
1918-жылы Рахманберди Мадозимов жетекчилиги астында Ош уездинин башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери менен бирге Түркстан фронту Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасынын базасында Кыргыз жеринин түштүгүндө биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык ийрим негизделген.
1919-жылы ийрим драма труппасы болуп калыптанган. Бул труппа Кыргыз жеринин түштүгүндө театралдык көркөм өнөрүн гана эмес, кесиптик музыкалык көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө дагы кызмат кылган. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлган, ошондой эле спектаклдерди коштогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктөн профессионал музыканттардын калыптанышы жолунда өзгөчө мезгил болгон. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош музыкалык драма театрынын негизделишине жол ачкан.
1960-жылдардын экинчи жарымында театрдын өнүгүшүндө жаңы этап болгон. Анда академиялык театрдын негизделиши менен көптөгөн опералар жана балеттер коюла баштаган. Мисалы, "Токтогул", "Элдин бактысы үчүн", "Айчүрөк" жана башка. 1976-жылы "Саманчынын жолу" спектакли үчүн композитор Калый Молдобасанов, балетмейстер Улан Сарбагышев, балерина Рейна Чокоева СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан.
Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдында 15 драма театр, 6 драма театр, 1 куурчак театры бар.
27-марттын жылнаамасы.