"Вице-премьер Дайыр Кенекеев Ошко аш жегени барып жатабы?" - деп бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев суроо салды.
Эл өкүлү Ош шаарынын эки участогунда таза суу маселесин чечүүгө бир жыл мурун каражат берилгени менен, мэриянын күнөөсү менен эки долбоор ишке ашпай жатканын айтты. Ал вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин Ош облусуна жакын арада эле үч жолу иш сапары болгонун белгилеп, өкмөт мүчөсүнүн маселе чечпей жатканына нааразы болду.
"Жакында эле Кенекеев үч жолу Ошко барды. Ал жерге аш жегени бардыбы же лента кыркканы барып жатабы? Өкмөттүн өкүлү, силер Ошко аш жегени барасыңарбы? Телевизордон көрүп жатабыз: ал лента кыркып келип жатат. Өкмөттүн иши лента кыркуу эмес, маселени чечүү. Силер бир жылдан бери маселени чечпей, оозуңарды ачып отурасыңар!" - деп сынга алды Нурбаев.