Гавайиде жаран топту алам деп дубалдардын ортосуна кыпчылып калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Гавайи штатынын Гонолулу шаарынын Майкл Энтони Маджиакомо аттуу тургуну бейсбол тобун дарыкананын дубалына ыргытып, кайра тосуп алып ойноп жаткан маалда топ имараттардын дубалдарынын ортосундагы 23 сантиметр болгон боштукка кирип кеткен.
"Топ эки дубалдын ортосуна кирип кетти. Топту алып чыгайын деп аракет кылып жатып эки дубалдын ортосуна кыпчылып калдым", - деп билдирген Майкл Энтони.
Энтонинин жардам сурап кыйкырып жатканын дарыканага келген кардар көрүп калып, "Тез жардам" кызматын чакырган. Окуя болгон жерге келген куткаруу кызматына Энтонини дубалдардын ортосунан алып чыгыш үчүн 3 сааттан ашык убакыт кеткен.