
Эл аралык аренада Кыргыз туусун желбиреткен, кикбокс боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасов мындан 4 жыл мурун өз унаасында болгон жардыруудан каза болгон. 2014-жылы 27-мартта саат 18:00 чамаларында Токмок шаарынын 3-кичи районунда Тойота Ленд Крузер 100 үлгүсүндөгү жол тандабас жарылган. Унаада Руслан Абасов жана анын аялы болгон, жардыруудан улам спортчу оор жаракат алып, ооруканага жетпей жолдо көз жумган. 
Руслан Абасов 1976-жылы 15-ноябрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.
1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган.
1997-2005-жылдары кикбокс боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөсү болуп, бир эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жараткан. Гермес лакап атына ээ болгон Руслан Абасов 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон. Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпиондугун уткан.

Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болгон.