"Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна былтыр укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылгандардан 129 арыз түштү" дейт Нурдин Сулайманов

"Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна былтыр укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылгандардан 129 арыз түштү", - деп бүгүн, 27-мартта маалымат жыйында аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылгандардан 132 арыз түшкөн. "Алардын арасында 4-5 жыл мурда кабылгандары да бар. Бизге түшкөн арыздар - расмий статистика. Ал эми ар кандай себептерден улам айтпай жүргөндөр бар. Мисалы, 10 жылдан жогору эркинен ажыратылгандар, жеңил жаза өтөгөндөргө караганда азыраак кыйноого кабыла турганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинде сурамжылоо жүргүзгөн учурда аялдар эркектерге караганда көбүрөөк арызданган", - дейт ал.

Ал эми зомбулукка каршы коалициясынын өкүлү Рысбек Адамалиевдин айтымында, аларга 2017-жылы кыйноого кабылган 435 адамдан арыз түшкөн. "Бул көрсөткүч жыл сайын өзгөрүдө. Биз зомблукка кабылгандарды сурамжылоо анонимдүү түрдө өтүп, УКМК, Ички иштер министрлиги жана башка тиешелүү мекемелерде өттү. Жалпысынан 679 адам катышкан, алардын 11 пайызы айымдар, 89 пайызы эркектер", - дейт Адамалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан