АКШда 200 короз абакка отургузулду

АКШда 200 короз абакка отургузулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Арканзас штатында 200 короз урушка катышкандыгы үчүн абакка отургузулган. Алар полиция кызматкерлери тарабынан рейд учурунда Де-Куин шаарында колго түшүп, далил катары абакта кармалууда.

Ошондой эле рейд учурунда 137 адам кармалган. Алардын арасында 34 адам жаныбарлардын уруштарын уюштуруп жүргөн деген айып менен кармалса, 86 адамдын ар кандай мыйзамдарды бузганы аныкталган. Ал эми калган адамдар короз урушту көргөнгө келишкен.

Короздорго кам көрүү милдети абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан өзүнүн жакшы жүрүм-туруму менен айырмаланган кылмышкерлерге тапшырылган.

Короздор иликтөө иштери бүткөн соң каякка жиберилерин сот чечет.

АКШда урушка катышкан 200 короз камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sultana17
2018-03-27 12:40:23
Настроения которулуп кетти окуп алып
+10
nurgaz
2018-03-27 12:42:02
Хи хи кулкум келбей эле хи хи деп койдум
+6
Baku88
2018-03-27 13:18:39
Ушул нерсе жоюлса жакшы болмок короз уруш ит уруш дегендер байкуштар канчасы өлүмгө дуушар болот же тили болбосо айтайын дегенге адамдан өткөн мыкаачы жок өзү ааламда кее бир башы жоктор балдарын салып жиберип атат урушка
+7
karakulja
2018-03-27 13:26:06
Марк Грегорду дагы кошуп койбоптур да
0
Paprikafm
2018-03-27 14:10:24
Бизде адамдар урушсада камашпайт
+1
Kojo1995
2018-03-27 14:44:44
Paprikafm, акча берсең эмнеге камамак эле
-1
kenje-888
2018-03-27 16:55:33
Короз эмес корооз болуп жазылат го дейм да
-9
bond02
2018-03-27 23:43:14
kenje-888,китеп оку.
0
remi.005
2018-03-27 18:19:44
Короз эле болуп жазылат
+1
Boha1
2018-03-27 21:28:21
Короздорго коомдук жумуштарды жасаттырса болмок.
+6
Birimdik5555
2018-03-28 00:41:27
Ой тобоо короздордо не куноо,оздору макулук болсо,уюштурган АДАМдарды жазалаша бербейби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан