Мушкер Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасындагы кезектеги беттешин өткөрөт

Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында өтө турган профессионалдык бокс боюнча мелдешке катышат.

27 жаштагы Акжол Сулайманбек уулу "RCC Boxing Promotions" уюмунун мелдешине катышып, 22 жаштагы венесуэлалык Леонардо Падильиа менен беттешмекчи. Беттеш 59 килограммга чейинки салмак категорияда өтүп, 10 раундду түзөт. Мелдеш Екатеринбург шаарында 22-апрелде орун алып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө старт алат.

Айта кетсек, Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасында 10 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Анын ичинен 5 беттеште атаандашын нокаут менен жеңип алган. Ошондой эле Кыргыз мушкер Азиянын бокс кеңешинин чемпиондук курунун ээси болот.

Леонардо Падильиа профессионалдык карьерасында 16 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Анын ичинен 12 беттеште атаандашын нокаут менен уткан. Падильиа "WBA Fedebol" чемпиондук курунун ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurgaz
2018-03-27 13:10:05
Намысты десем катта кетип калам, боксту Баткенден эч ким талашпай эле койсун.
+8
gaibilla
2018-03-27 13:36:48
nurgaz, брат жардынго
+5
Dalil
2018-03-27 13:21:06
Ийгилик Акжол атаандашың күчтүү экен. Бирок сенин жеңишиңе ишенебиз
+2
chikeusenov
2018-03-27 13:37:05
молодец утуш сеники деп эсептейм коп бойлорунду кордум жакшы буйруса утасын Екатеринбург биздин тарыхый жер озубуздун олкобуздой сезип коп жеништерге жете бер
+2
kiana
2018-03-28 08:27:56
Ийгил каалайбыз Кыргыздын Ак калпагын бийик которсон болду ар дайымкыдай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан