Кемин районундагы жол кырсыгынан 5 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт жолунда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унааны айдоочу башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, аңтарылып кеткен. Айдоочу жана 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө айдоочунун 5 жашар кызы эсине келбей көз жумган.