Өзбекстандын Наманган облусунун Пап районунда дааратканага түшүп кеткен iPhone`ду алууга аракет кылган 3 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 26-мартта түнкү саат 0:15 чамасында Куткаруу кызматына телефон чалуу келип түшкөн. Анда дааратканага түшүп кеткен телефонду алып чыгабыз деген 3 адамдын газга ууланганын маалымдашкан.
"Алгач 32 жаштагы Б.Рахматов белине жип байлап, аңгекке түшкөн. Ал газдан ууланып эсин жоготкондо, жардам берүү үчүн кошунасы Э.Ниязов да түшкөн. Аларды алып чыгууга аракет кылган үчүнчү адам Х.Рахматов да газга ууланган.
Куткаруучулар келгенде алгач аңгекке түшкөн 2 адамдын көз жумганы аныкталып, 3-адамды ооруканага алып кетишкен. Бирок ал эсине келбей орто жолдон каза болуп калган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2017-жылы да Наманган облусунда дааратканага түшүп кеткен телефонду алып чыгам деген үч киши көз жумган.