Бишкектин деталдуу планы боюнча 35 бала бакча курулушу керек болгону менен калаадан ага жер жок экени айтылды
Бишкектин деталдуу планын иштеп чыккандар борборго дагы 35 бала бакча керектигин айтышууда. Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов райондо ашып кетсе 2 эле бала бакча курууга орун бар деп билдирди.
"Биздин райондун балдарына бала бакчалар жетиштүү. Бирок башка аймактардан да келишкендиктен кошумча бала бакчаларды куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Акыркы учурда санын көбөйтүү максатында жеке менчик бала бакчалардын салыгын жоюп салышкан. Учурда алардын саны да көбөйө баштады. Мисалы, биздин райондо ашып кетсе 2 бала бакча курууга жер бар. Өзүңөр билгендей, бош жерлер жок", - дейт аким.
Албетте жердин баарын сатып атсанар каяктан бош жер болот, бош турган жерди эле эмес парктардан бери сатып бутподунорбу жегичтер!!!!!
+4
fantomas
2018-03-28 00:59:59
Мындай Аким соройлор сатат да жердин баарын!!! Сатыкка келгенде, торговый центр курууга келгенде ошончо жер табылат. Бала акчага жок.
Аферисттер!!! Коррупционерлер!!!
0
mem77
2018-03-28 12:49:14
Жаңы конуштарга экиден бала бакча керек, менчик бала бакчанын баасы мамлекеттик бала бакчаларга салыштырмалуу 10 эсе кымбат, жакшылап карасаңар табылыш керек. Мисалы Ала-Тоо конушунда бир кичинекей бала бакча салып коюшкан, эски мектептин ордуна 2 кабаттуу бала бакча салса болот, мындан тышкары Ала-Тоо конушунан Ак-Ордого кирген жерде Гагарин көчөсүнүн кесилишинде бош жер турат, оозуңарды ачып, ал Сокулуктуку деп отура берсеңер ал жер да жер саткычтардын жеми болот
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.