ЭЛДИК ВИДЕО: Байбичелер эл алдында күрөштү

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Байбичелер килем үстүндө күрөштү" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Анда элечек кийген аял менен тумакчан аялдын чогулган элдин ортосуна чыгып күрөшкөнүн көрүүгө болот. Күрөш учурунда аларды тегеректеген адамдар сүрөп, коштоп турушат. Бир убакта бирөөнүн элечеги башынан түшүп калат. Ага карабай кармашкан аял тумакчанды жыгып, жеңишке жетет.

Видеонун качан жана кайсы жерде тартылганы боюнча так маалымат жок. Айрым интернет колдонуучулары Казакстанда Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн иш-чарада болгон көрүнүш экенин жазышууда. Ошондой эле "улгайып калганда уятка калбай, жөн эле коюшса болмок" деген пикирлерин калтырган колдонуучулардын саны басымдуулук кылууда.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nanei
2018-03-27 16:33:58
Ак элечек тебелендиде калганы жаман корунот экен
0
Aipusya_t
2018-03-27 17:05:19
Оюу жок эжелер чон эле аялдар экен уятда тооба кылдым.
0
Arlenchik
2018-03-27 18:30:13
Ушу кантип болсун, уят, оздору деле кызык немелерго кой дешпейби.
0
Baku88
2018-03-27 23:02:20
Чондордон ыйман кетти жаштардан эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан