ӨКМ: "Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт"
16-июндан 19-июнга чейин күтүлүп жаткан
жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде
сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Гидрометеорология агенттиги билдирди. Ошондой эле дарыялардагы суулардын
деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.