Өкмөт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтип, жоопкерчилигин күчөткөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында аталган мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөт кызматкерлердин укуктук статусун, укуктары менен жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунушту колдогон. Жакын арада бул багыттагы мыйзам долбоору парламенттин кароосуна чыгат.
"Учурда мыйзам боюнча мекеменин кызматкерлери, эксперттер жана адистердин катышуусунда анализдер өткөрүлгөн. Бул Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын 2018-2023 жылдарга карата стратегиялык планына кирген", - деди Осмонов.