Кыргыз улуттук университетинин ректору жатакананын жашоочулары эмнеге чыгарылып жатканы боюнча айтып берди

Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасы авариялык абалда болгондуктан жабылат. Бул тууралуу 27-мартта аталган окуу жайдын ректору Канат Садыков маалымат жыйынында билдирди.

Ректордун айтымында, азыркы мугалимдер жашап жаткан имарат студенттер жашай турган жатакана. "Студенттер башка жатаканаларга көчүрүлөт. Ал эми ал жерде жашаган мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу окуу жайдын милдети эмес. Ушул жылдын 19-январында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы №9-жатакананы текшерип, жашоого кооптуу деген чечим чыгарган. Ошонун негизинде жатаканада электр тогу толугу менен өчүрүлгөн, жатакананын чатырын оңдоп жана электр чубалгыларын алмаштыргандан кийин гана электр энергиясы кайра берилет", - дейт ректор.

Ал эми жашоочулар окуу жайдын жетекчилиги эч кандай эскертүү бербей эле чыгып кетүүлөрүн талап кылганын, азыр чыгарып жиберсе кичинекей балдары менен бара турган жерлери жоктугун айтышууда.

Алар бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынга катышпай калгандарына нааразы болушту. "Ректорат биздин маселени өзүбүздү катыштырбай чечип, жарандык укугубузду тебеледи", - деп билдиришти.

Улуттук университеттин мугалимдери: "Көчөгө чыгып калуу коркунучундабыз"
Улуттук университетте мугалимдер чатакташууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2018-03-27 17:57:22
Туура!Чыккыла кок беттенбей.Атанар салып койгонсубай.Ремонт кылыш керек деп атпайбы.Бир нерсе болсо анан чыкмаксынар да кайра ректорду куноолоп
+4
Dalil
2018-03-28 09:24:25
Azat.97, ошол жатаканадагылардын ордунда болсоң балким оюң тескерисинен болмок. Эскертүү бербей туруп чечим чыгарып кууп чыкканы туура эмес ректордун.
-1
Birimdik5555
2018-03-28 00:15:12
Эскертуу бериш керек эле да,буларды чыгарып кичине ондомуш болот да анан пара бергендерге берет болмолорду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан