27-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдил Сегизбаев Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынынын чечиминин алкагында милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Коррупция менен күрөш жана ага каршы аракеттенүү боюнча мындан аркы пландар талкууланды.
Мамлекет башчысы биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан коррупциялык иштерди аягына чыгаруу керектигин белгиледи.
Президент жарандардын арыздары менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурду. "Жарандардан келип түшкөн бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калбашы керек", - дейт Жээнбеков.
УКМК төрагасы президентке өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер тууралуу маалымат берди.