Политехтин мушташкан мугалимдери жумуштан бошотулду

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалимдери окуу жайда чатакташып, милицияга арыз менен кайрылгандардын ишин мугалимдерден түзүлгөн комиссия иликтеп, жыйынтык чыгарды. Комиссиянын жыйынтыгы менен кафедра башчысы жана окутуучу жумуштан бошотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Мугалимдердин окуу жайда спирт ичимдигин ичип, жаңжалдашкандары боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Мугалимдерден түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен жумуш учурунда спирт ичимдигин ичкен кафедра башчысы менен окутуучу жумуштан айдалды. Ал эми деканга сөгүш берилди", - дейт басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Мугалимдер окуу жайда мас болуп жүрүшөт" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Видеону тартып алган мугалим SUPER.KG порталына: "Кафедра башчысынын кабинетинде майрамдап жатканын видеого тартып алганым үчүн анын аспиранты мени сабап салды. Кабинетте ошол аспирант экөө ичип отурушкан", - деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Totyua.71.
2018-03-27 18:28:51
Мүйүздүү болом деп кулагынан ажырашыптыр
Видео жөнөтүшпөгөндө өз орундарында калышмак...
+7
fantomas
2018-03-28 01:01:35
Totyua.71., Видеону жонотуп туура кылган... Ошол "маданиятсыз" мугалимдерди колдогондор, оздору да маданиятсыз....
+4
rafo80
2018-03-28 09:18:52
Totyua.71.,Видео жоноткон калган, ичкендер айдалган
0
aman0296
2018-03-27 18:30:21
Ырас эле болот
+5
Pamirlan
2018-03-27 18:48:11
Башкаларга сабак болсун. Мен да жонотсомбу видио
+9
amirrus
2018-03-27 18:58:07
ХХХХХ ХХХХ Эми уруша бергиле бошсунар
-2
Pandora
2018-03-28 08:42:30
amirrus,И так бироосу аял киши )))
+1
adilbars
2018-03-28 08:29:53
"...жумуш учурунда спирт ичимдигин ичкен кафедра башчысы менен окутуучу жумуштан айдалды"-деп турат. Демек билдирүү жөнөткөн окутуучу ордунда калса керек. Туура чечим. Тамеки тарткандарга да чара колдонуш керек өзү!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан