Бишкектин деталдуу планы боюнча шаар тургундары үчүн 35 бала бакча жетишсиз. Аны учурда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына жайгаштыруу пландалганын, анда балдар ойноочу аянтча жок болорун "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева билдирди.
"Бишкектин деталдуу планын иштеп чыккандардын айтымында шаар тургундары үчүн дагы 35 бала бакча куруу зарылчылыгы бар. Жер тартыш болгондуктан, бала бакчаларды учурда салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына жайгаштыруу пландалган. Мындай кадам туура эмес. Эгер андай болсо балдар каякта ойношот? Бала бакчанын өзүнүн короосу болушу керек. Куруу үчүн мамлекеттин бюджетинен атайын акча бөлүнүшү зарыл", - дейт Өмүралиева.