Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик угуу өттү.
Анын жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана сактоо чараларын кошумча каржылоо үчүн атайын фонд түзүүнү сунуштады. Ал фондду Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында түзүү зарылдыгын айтты.
"Бирок Бюджет кодексине ылайык, мамлекеттик органдардын алдында фонд түзүүгө болбойт. Ушуга байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана сактоо боюнча атайын фонд түзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл", - деди Аида Касымалиева.
Парламенттик угууда өлкө аймагында 66 тарыхый эстелик, 335 археологиялык эстелик, 122 архитектуралык эстелик, 53 көркөм маданият эстелиги, 7 маданий жана жаратылыш эстелиги бар экендиги айтылды. Бирок каражаттын тартыштыгынан жана адистердин жетишсиздигинен улам аларды жыл сайын инвентаризациялоо, изилдөө иштери кыйынчылыкка учуроодо.
Андан тышкары, ушул тапта тарыхый-маданий мурастар менен музей экспонаттарынын бирдиктүү маалымат базасы жок экендиги белгилүү болду.