КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы соода борборлорунун өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
"Бишкекте балдар аянтчасы соода борборлорунун үстүңкү кабатында жайгашкан. Кемерово шаарында канчалаган балдар каза болду. Ошондуктан өрт коосуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл", - дейт депутат.
Эске салсак, өрт Кемероводогу 4 кабаттуу соода борборунда 25-март күнү чыккан. Анда 64 адам каза болуп, дайынсыз болуп жаткандар да бар.