Түштүк кореялык уюм Кыргыз мамлекетине 14 миллион доллар гранттык каражат бөлүүнү кароодо. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 26-мартта экономика министри Артём Новиков Түштүк Кореянын "KOICA" эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргыз мамлекетиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Пак Сунжин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Пак Сунжин өз учурунда Кыргыз мамлекетинде эки долбоорду каржылоо маселеси каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, долбоордун бири өрт өчүрүү жана куткаруу багытындагы иштерди жакшыртуу үчүн керектүү жабдыктарды сатып алууга, экинчиси токой жана айыл чарба жаатындагы иштерди аткарууга багытталган. Эгер демилге ишке ашса, эки долбоорду каржылоо үчүн 14 миллион доллар гранттык каражат бөлүнүп берилет.