Казакстандын Астана шаардык соту окуучулардын мектепке жоолукчан келүүсүн колдогон жок

Казакстандын Астана шаардык соту кечээ, 27-мартта жоолугун чечпегендиктен ушул окуу жылынын башынан бери мектепке кире албай жүргөн окуучу кыздардын ата-энелеринин доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, арыз берүүчүлөр сот аркылуу мектепке диний белгилери бар кийим кийүүгө болгон чектөөнү алдырып салууну чечишкен. Бирок Билим берүү министрлиги мектепке окуучулардын жоолук салынып келүүсү министрликтин буйругуна каршы келе турганын түшүндүргөн. Ата-энелер адам укугу бузулуп жатканын айтып, эл аралык уюмдарга кайрыларын билдиришкен.

Белгилей кетсек, Казакстан бийлиги кийинки жылдары билим берүү мекемелеринде хиджаб кийген окуучу кыздарды окууга киргизбей, диний кийимге тыюу салып келе жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
muslim87
2018-03-28 09:10:26
Аллахым казак туугандарга сабыр берсин жана бийлик башындагыларына хидаят берсин. Бул да болсо Аллахтан келген бир сыноо бекем болуңуздар баурлар Аллахым оң жолуна салат ИНШАЛЛАХ.
0
nurgaz
2018-03-28 10:16:07
Соттордон Аллахтын окуму жогору турат. Жоолукту чечпегиле туугандар.
0
filis
2018-03-28 16:48:17
nurgaz,
Хиджабты кийбегиле. Динчил болбогула. Чала молдо эл бузат болуп жатат. Сокур фанат болбогула. Адам болгону туз журуш керек.
+3
abon
2018-03-28 14:10:30
биздин Кыргызстан эле соонунда! чыныгы жашоо аябай жакшы! Жолукту эчким запрет кылбайт, Мечиттерде азаны угулуп турат, коз тийбесин.
0
filis
2018-03-28 16:47:17
Туура хиджаб бул арабтардын маданияты. Мектепке жон эле келиш керек. Туура чечим. Динге берилип кереги жок. Жон гана жашоодо билимдин аркасынан ээрчиш керек. Ал эми молдокелердин жомогуна соз жок.
0
nuri1
2018-03-28 16:55:15
Негизи биздин молдолор динди айтып жатышабы, же жон эле динге жамынып алышып араб элдеринин маданиятын таратып жатышабы? Болбосо дин бул рунахий нерсе. Туз жур туз бас деген эле нерсе. Бизде дин десе эле хиджабка оронуп, сакал остуруп фанат боло беришет.
+3
Asyl10
2018-03-28 17:09:35
Мектептеги бешиктен бели чыга элек секелек кыздарды чумботтоп жоолук оротуп эмне кереги бар? Балалыктын доорун суруп, гулдой болуп бантик тагынып журушсо болбойбу сергип, жоолукту чонойуп эрге тийгенден карыгыча деле ороп тажашат да. Молдолор арабдардын адаттарын гана эмес кийимдерин да тануулап бутушту.Кыргыз, казактын секелектери илгертен беш кокул оруп жылан баш же уку топу кийип эле чонойушкан, арабдар кыздарына кун корсотпой бешиктен баштап хиджапка тыгышат, анкени кун куйкалайт.
+4
muslim87
2018-03-28 21:15:31
Asyl10, сенин оюңча балалыктын доорун кантип сүрүү керек? Бирнерсе айтса эле арапдашып кетип анан фанат эле дей бересиңер дин деген эмне жана фанат деген эмне ошону айткылачы билсеңер. 15 жашында төрөп атат мындайлар ондоп саналат ушубу балалыктын доору?
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан