ӨКМ: "Бишкек-Ош унаа жолунда 30-мартка чейин түнкү убакытта каттам жабылат"

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн болуп жаткандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 27-мартынан 30-мартына чейин чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас районундагы Өтмөк ашуусунда кечки саат 9дан таңкы саат 6га чейин бардык унаалар үчүн жол каттамын жабуу боюнча 27-мартта өкмөттүн буйругу чыккан.

27-март күнү Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка”, “Арал” постунда жана Өтмөк ашуусунда кечки саат 9дан тартып жол жабылып, таңкы саат 6да ачылган. Бул чектөөлөр 30-мартка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан