Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын Кытайга келип Си Цзинпин менен жолукканы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, эки лидердин жолугушуусу тууралуу маалымат 26-мартта Си Цзинпиндин чакыруусу менен Бээжинге барган Ким Чен Ын Пхеньянга кайтып баргандан кийин гана жарыяланган.
Сүйлөшүүдө Ким Чен Ын Кытай лидерине АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдиргени айтылат.
Америкалык басылмалар "Ким Чен Ын АКШ-Түндүк Корея саммитине бир нече жума калганда Бээжиндин колдоосуна ээ болууну көздөп жатат", - деп жазып чыгышты.