"Быйыл мамлекеттик ишканалардан 367 миллион сом каражат түшөт деп болжолдонуп жатат" дейт Түлебердиев

"Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу мамлекеттик ишканалардан 100 миллион сомго көп каражат түшөрү болжолдонуп жатат", - деп бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев билдирди.

Фонддун маалыматы боюнча, 1 миң 150 мамлекеттик ишкана бар, анын 894ү иштебейт. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Үмбеталы Кыдыралиев былтыр 236 мамлекеттик ишканадан 124 миллион сом түшкөнүн эскертти. "Эгерде 894 ишкана активдүү иштесе, бюджетке миллиарддаган каражат түшмөк", - деди депутат.

Түлебердиевдин айтымында, 2017-жылы мамлекеттик ишканалардан бюджетке 265 миллион сом түшкөн. "Быйыл план боюнча 367 миллион сом түшөт деп жатабыз", - дейт Түлебердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2018-03-28 11:13:03
Кайран акчалар окмотко корогон. Саны коп сапаты жок бюрократтар, 120 жепжутат, президенттин сан жеткис аппараты... шордуу эл силерди дагы канча багат? 27 жылда эмнени кыйраттынар? отчет кана? Эл озун озу эле багып келе жатат. Жоголсун бюрократтар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан