Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев "Караван" соода борборунда 200 ижарачы туруктуу иштей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мамлекет ижарадан түшкөн каражаттын 30 пайызын алат, ал эми калган бөлүгү "Мүлк" мамлекеттик ишканасында калып, ишкананы кармап турууга жана анда иштегендердин маянасына жумшалат. Жылдын аягында ишкана тапкан кирешесинин 50 пайызын кайра мамлекеттин эсебине которот. Мамлекет ага караганда оперативдүү башкарууга берилген мүлктөн көбүрөөк киреше табат. Эгерде соода борборун өнөктөштөргө өткөрүп берсек, пайдалуу жактары көп болот. Ошону менен катар эле ижара акыны бир нече убакытка чейин жогорулатпоо боюнча келишим түзүлөт", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "Караван" соода борбору 2017-жылы 25-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган. Быйыл 16-мартта парламенттин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында "Караван" сатыла турганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирген.