Өлкөдөгү мектептерде өрт учурунда эвакуация үчүн кошумча эшиктер жабык. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта мугалимдер менен жолугушууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларды даярдоо борборунун башчысынын орун басары Миңболот Бекжанов билдирди.
"Орусиянын Кемерово шаарында болгон окуя ар бир өлкөдө болуп калышы мүмкүн. Мындан улам биз өрт коопсуздугуна каршы иш-чараларды өткөрүшүбүз керек. Мектептерде өзгөчө кырдаал жаралса, кошумча эшиктер жабык. Айрым мектептерде темир тосмолор менен жабылган, кээ бир окуу жайларда ачкычы мектептин чарба башчыларында гана бар. Алар мектептен алыс жашаган болсо, анда өрт чыккан учурда кошумча эшиктер ачылбай калуусу мүмкүн, андыктан мугалимдер бардык шартты эске алуусу керек", - деди Бекжанов.
Айта кетсек, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылууда. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгон. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и жаш балдар. Алардын бир тобу имараттын кошумча эшиктери жабык болуп калгандыктан сыртка чыга албай калышкан.