Мыйзам тыюу салганына карабай мектептердин тегерегиндеги бардык дүкөндөрдө тамеки сатылып жатканы айтылды

Мыйзам тыюу салганына карабай мектептердин жанындагы дүкөндөрдө чылым сатылып жатат. Мындай көйгөйгө бүгүн, 28-мартта чегүүчү каражаттар менен күрөшүүгө арналган маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо боюнча коомдук фонддун жетекчиси Чынара Бекбасарова токтолду.

"Өткөн жылдын 12-декабрынан 21-декабрына чейин Бишкек жана Ош шаарларында жалпысынан 102 мектепти изилдөөгө алганыбызда мектепке жакын жайгашып, бирок чылым саткан 443 соода түйүндөрүн аныктадык. Бул дүкөндөрдүн бардыгы мектептерге аябай жакын жайгашкан.

Ошондой эле зыяндуу заттарды жарнамалоого мыйзам жол бербейт. Ага карабай тамеки ачык түрдө жарнамаланып келет. Бир эле мисал, Бишкек шаарындагы №57-мектептин тушунда турган көлөмдүү жарнама тактайын айтсак болот. Бул такта мектептин бет маңдайында жайгашкан. Ушуга окшогон жарнамалар окуучуларга терс таасирин тийгизет", - дейт Бекбасарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tttalant
2018-03-28 14:46:51
Сатпаш керек чын колдойм мен...
-1
RaHat19
2018-03-28 19:31:55
урматуу президент мектепке жакын дукондордо арак тамеки насывай энергетикалык суусундуктарды сатууга богот койунуз.Мектептен бала эмнени кана коруп жатат.Деги эле аракты тыйыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан