28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков "Ысык-Көл" мейманканасын президенттик аппаратка берүүнү сунуштады.
"Президенттин ант берүү аземинде Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти жана мурунку президенти Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алды деп айтышты. Мындайча айтканда, президенттин өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө турган имараты жок. "Ысык-Көл" мейманканасын президенттик аппаратка берсек болбойбу же сатыш керекпи? Ыңгайлуу жерде жайгашкан. "Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт" дегендей мамлекет башчы парламенттин имаратында иш жүргүзөт. Жогорку Кеңештин имаратында президент "квартирантпы"? Аталган мейманкана президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын балансында", - дейт депутат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев мындай чечимди аталган башкармалык кабыл алышы керектигин билдирди.