Экотехинспекция: "Өлкөдө өрт коопсуздук эрежелери 23 жылдан бери өзгөргөн эмес"

Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" аттуу соода борбордо 60тан ашык адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы борбордун 4-кабатынан чыккан. Ал жайда балдар аянтчасы менен бир нече кинотеатрлар жайгашкан. Бирок орусиялык ЖМКлар өлкөнүн мыйзамдарына таянып, соода борборлордун 1-2-кабаттарынан жогорку кабаттарга балдар аянтчасын курууга тыюу салынганын жазууда.

Ал эми Кыргыз мамлекетинде соода борборлорунун жогорку кабаттарына балдар аянтчаларын курууга тыюу салуу талабы жок. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өрт көзөмөл башкармалыгынын адиси Данияр Исмаиловдун SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда өрт коопсуздугу боюнча эрежени өзгөртүүгө багытталган токтом долбоору иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

"Тилекке каршы, азыркы эрежеде соода комплекстерине балдар аянтчаларын 1-2-кабаттын үстүңкү кабаттарына жайгаштырууга тыюу салынган эмес. Бирок ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен бул тууралуу токтомго өзгөртүү киргизүү каралууда. Токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Анда балдар аянтчаларын соода комплекстеринин 1-2-кабатынан жогору жайгаштырууга тыюу салуу каралган. Анткени өрт коопсуздугу боюнча эреже 1995-жылы кабыл алынып, андан бери өзгөртүлгөн эмес болчу.

Ошондой эле Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
тарабынан курулуш иштери боюнча эрежелерди да өзгөртүү демилгеленүүдө. Ал үчүн комиссия түзүлүп, агенттик менен биздин инспекциянын адистери иштеп жатышат",
- деди Исмаилов.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында жалпы 50гө чукул ири соода комплекстери бар болгон болсо, алардын 20дан ашууну Бишкекте жайгашкан. Өрт көзөмөл башкармалыгы аталган комплекстердеги өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди пландын негизинде бир жылда бир гана ирет текшерип чыгууга укуктуу. Ал эми жаңыдан ишке кирген соода комплекстеринин өрт коопсуздук эрежесин 3 жылга чейин текшерүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан