Өрт өчүрүү бөлүмү мектептен 5 чакырымга чейинки аралыкта жайгашуусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта мугалимдер менен жолугушууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларды даярдоо борборунун башчысынын орун басары Миңболот Бекжанов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте аталган талап сакталбайт: айрым өрт өчүрүү бөлүмдөрү мектептерден 10-15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаарда унаалар абдан көп, айрым айдоочулар өрт өчүрүүчү унааларга жол беришпейт. Борбор калаа кеңейип, өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн санын көбөйтүү зарыл", - деди Бекжанов.
"Мындан тышкары адистер мугалимдерди коопсуздук боюнча кошумча сабактарды өтүп туруусу керек. Ар бир мугалим өрт өчүрүүчү каражатты колдонгонду, окуучуларды кандай жол менен жана кайсы жакка алып чыкканды билиши керек", - деп кошумчалады адис.