Өлкөдө өлүмгө жетелеген оорулардын 2-сабында чегүүчү каражаттардын кесепетинен келип чыккан оорулар турат. Бул тууралуу 28-мартта чегүүчү каражаттар менен күрөшүүгө арналган жыйында инфекциялык эмес ооруларга көзөмөл кылуу улуттук программасынын координатору Нургүл Ибраева билдирди.
"Дем алуу органдарынан жабыркагандар жылдан-жылга көбөйүүдө, чара көрүлбөсө өпкөнүн рак оорусу, инфаркт, инсульт болгондордун жана балдардын тез чарчап калууларынын саны өсүүсү мүмкүн. 2013-жылдагы изилдөө көрсөткөндөй, биздин коомдогу эркектердин 70 пайызы чылым чегет. Алар биздин аталарабыз, балдарыбыз жана инилерибиз болуп эсептелет. Чылым чегүү менен азыр баарыбыз тегиз күрөшпөсөк, улут үчүн келечекте чоң көйгөй пайда болот. Тамеки тартуу жаш кезде кызык көрүнгөнү менен бара-бара чоң көйгөйлөрдү жаратарын түшүндүрүшүбүз керек.
Учурда тамеки түтүнүнөн коргонуу боюнча биздин мыйзам эл аралык нормаларга жооп бербейт. Биз изилдөө жүргүздүк, коомдук жайлардагы атайын тамеки чегүүчү жайлар эч кандай көмөгүн тийгизген жок. Ошондуктан коомдук жайларда, тамактануучу жайларда чылым чегүүгө толук тыюу салышыбыз керек. Антпесек биздин коом тамекинин түтүнүнө толук ууланып бара жатат", - дейт Ибраева.