Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Анда КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков: "Кыргызтелеком" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Марат Каратаев беш ачык акционердик коомдун, Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары Нурлан Садыков эки директорлор кеӊешинин курамына кирет экен. Эмне алардан башка кадрларыӊар жокпу? Алар ошол ишканалардан да маяна ала турганы далилденсе, сиз кызматыӊыздан отставкага кетүүгө даярсызбы?" - деп сурады.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди. "Марат Каратаев "Кыргызтелеком" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы, Нурлан Садыков Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары болуп иштейт, башка жерден маяна алышпайт. Алар Коопсуздук кеӊешинин чечими менен жиберилген. Апрель айында ачык акционердик коомдордун жалпы чогулушу болуп, Марат Каратаев директорлор кеӊештеринин курамынан чыгарылат", - деди Түлебердиев.