Бишкек шаардык соту жөлөк пул боюнча арызды карап чыгып, чечим менен тааныштырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кечээ, 28-мартта аталган арызды берген укук коргоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
"Бишкек шаардык соту 26-мартта чечим менен тааныштырды. Чечимдин негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда менин арызым боюнча кайра кароо өткөрүү боюнча чечимин чыгарды. Отурум кайсы күнү өтө тургандыгы белгисиз", - деди Токтакунов.
Эске салсак, 22-мартта Бишкек шаардык соту Нурбек Токтакуновдун жөлөк пул боюнча арызын карап, чечимди 26-мартта угуза турганын айткан. Токтакунов жөлөк пул боюнча мыйзам долбоору комдук талкууга коюлбаганын, калктын кызыкчылыгын эске албай кабыл алынып жатканын айтып, негизги талабы мыйзам долбоорун артка чакыртуу экенин белгилеген.
Бишкек шаарынын райондор аралык соту Токтакуновдун бул маселеге тиешеси жок экенин айтып, ишти кароодон баш тарткан.