Президент алкоголдук ичимдиктерди интернет аркылуу жарнамалоого тыюу салды

Президент Сооронбай Жээнбеков алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу калктын алкоголду керектөө деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Мыйзам "мониторинг" түшүнүгү менен толукталган.

Мониторинг – коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылган жарнактарга байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо болуп саналат. Анын негизинде фото жана видеобайкоо аркылуу мыйзамдын талаптарын бузуулар аныкталат.

Мындан тышкары, интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук ичимдиктердин жарнагына тыюу салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды ушул жылдын 15-февралында кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан