"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Мас айдоочу дипломатиялык номердеги жол тандабас менен жүрдү" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Бул видеону орусиялык басылмалар да жарыялаганы белгилүү болду.
"Орусиянын Красноярск шаарындагы "Луч" кинотеатрынын жанынан, кечээ, 27-мартта инспекторлор Кыргыз мамлекетинин консулдук номери менен Лэнд Крузер Прадо унаасын токтотушкан", - деп жергиликтүү басылмаларда жазылат.
Маалыматта берилгендей, видеону басылмаларга күбөлөр тартып жөнөтүшкөн. Алар: "Айдоочудан мас адамдын белгилери байкалды, бирок "кызыл номер" болгону үчүн аны дароо коё беришти", - деп жазышкан.
Маалыматта белгиленгендей, дипломатиялык кызматташуу жөнүндөгү Вена конвенциясына ылайык, дипломат жана анын унаасы кол тийбестикке ээ.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.