Нарын облусунда чет өлкөлүк жаранга паспортту мыйзамсыз жасап берүүгө аракет кылуу фактысы катталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, Кочкор районунун паспорт кызматында иштеген Н.И. аттуу жаран Кыргызстандын паспортун алуу үчүн жасалма документтерди жасап, чет өлкөлүк Б.К. аттуу жаранга анкета толтурган. Аталган факт боюнча (жасалма документтерди жасоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Андан ары изилдөө үчүн иш Кочкор райондук прокуратурага өткөрүлүп берилген.